Бишкек мэриясы
2 апрель
Бишкектин Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде жол катмарын капиталдык оңдоо иштерин баштады.
Мэриядан кабарлашкандай, оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.
Иштердин жүрүшүндө жаңы технология — атайын техника «ресайклер» колдонулууда. Бул жол катмарынын сапатын жогорулатып, анын кызмат мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.
