Кочкор районундагы нөшөрлүү жаан: туристтер эвакуацияланды, көпүрөлөр иштен чыкты
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда нөшөрлүү жаандан улам төрт чет элдик турист жана жети жергиликтүү өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылып, Кочкор айылына аман-эсен жеткирилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда райондун аймагында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар тилкелерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле дарыялардагы суунун дэңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам тогуз көпүрө иштен чыкты.
Райондук администрациядан жарандарды сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар аймактарга (дарыялардын жээктерине, сайларга, каналдарга, көпүрөлөргө жана башка кооптуу жерлерге) баруудан алыс болууга чакырышты.
