Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу: транспорт министри ашуудагы калыбына келтирүү иштеринен кабар алды
-
-
20-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 161-чакырымында жүрүп жаткан иштерди текшерип барды.
-
Ошондой эле, министр Сыргабаев ПАД – Буудалык багыты боюнча салынып жаткан 5 чакырым жолдун курулуш иштеринен кабар алды. Учурда аталган жолду кеңейтүү жана оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
-
Министр жеринде жооптуу жетекчилерге аткарылып жаткан жумуштарды белгиленген графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
-
