Депутаттар майыптыгы бар балдардын ата-энелерине акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү сунуштоодо
Бүгүн, 4-марттагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечилер - Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Дастан Бекешев, Эльдар Абакиров, Алишер Эрбаев, Пархад Тулендыбаев, Сеидбек Атамбаев, Илимбек Кубанычбеков, Ырысбек Атажанов, Бактыяр Калпаев, Эмил Токтошев, Алишер Козуев, Шарапаткан Мажитова, Гүлкан Молдобекова, Айбек Алтынбеков, Азамат Исираилов, Чингиз Айдарбеков, Эльвира Сурабалдиева, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова.
Демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова мыйзам долбоору менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешесинин деңгээлине карабастан акысыз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлө турган жарандык иштердин категорияларын кеңейтүү сунушталып жатканын белгиледи.
Никени бузуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, бала менен мамиле түзүүнүн тартибин аныктоо, өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу, өзүнүн балдарын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик (башталгыч, орто жана жогорку) окутууда багуу жөнүндө доолор боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү сунушталат.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Дастанбек Жумабеков, Карим Ханджеза аталган мыйзам долбоору боюнча бир катар маселелерди такташты.
