Минкаб төрагасы Курук-Сай айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты
23 сентябрь

Минкаб төрагасы Курук-Сай айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Барпы айыл аймагынын Курук-Сай айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кбаарлашты.

Мындан тышкары, облустук мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу, ошондой эле Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы окуу жана административдик имараттарынын абалы менен таанышты.

Сапардын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы “Кыргыз Петролеум Компани” жаңы заводунун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.