ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду
4 март

ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кемель Садыков өз арызынын негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ЖАМКтан кабарлашты. 

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Белгилей кетсек, ал 2021-жылдын сентябрынан бери ЖАМКнын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.