Үйдөн иштеген кызматкердин укугун ким коргойт? Министрдин орун басары түшүндүрдү
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу үйдөн иштеген жарандардын укугу эмнеге негизделип корголооруна кызыкты.
Депутаттар “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун карашууда.
“Үйдөн иштеген кызматкерлердин укугун коргоодо жана анын кесиптик тобокелчиликтерин баалоо кандай механизмдер колдонулат? Жумуш берүүчү кандай шарттарда жана ыкмаларда иш алып барышы керек? Коопсуздук эрежелери дегенде, эгерде үйдө иштеген жаран жумуш учурунда кырсыкка учураса кандай болот?” – деди депутат.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов былтыр кабыл алынган Эмгек кодексине “аралыктан иштөө” түшүнүгү киргизилгенин билдирди.
“Эмгек кодекси 2004-жылы кабыл алынгандан бери көптөгөн жаңы кесиптер пайда болду. Ошондуктан, биз былтыркы жаңы версиясында аралыктан иштөө түшүнүгүн киргизгенбиз. Мындай учурда жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосунда келишим түзүлөт жана анын негизинде иш алып барылат. Эгерде келишимдеги шарттар жумуш берүүчү тарабынан аткарылбай калса, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында Эмгекти коргоо кызматы бар, жумушчунун укугун коргоп берет”, – деди Досматов.
