Камила Талиева депутаттарды ар бир кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп турууга чакырды
Депутат Камила Талиев Жогорку Кеңештин жыйынында “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун сынга алды.
Айтымында, Эмгек кодекси 2025-жылдын 25-январында кабыл алынган жана анда 6 айдын ичинде бардык нормативдик-укуктук актыларды дал келтирүү керек эле. Бирок арадан бир жыл өттү, а президент кол койгон мыйзамдын талабы убагында аткарылган жок.
“Бул мыйзам долбооруңар чийки. Эмгек кодексинин айрым беренелерине каршы келген мүчүлүштүктөр бар. Эски токтомдор, эски жоболор берилип калган. Ушуну менен кантип иш алып барасыңар?” – деди депутат.
Ал белгилегендей, Эмгек кодексинде илим докторлору 48 күн эмгек өргүүсүнө чыгаары жазылган, ал эми мыйзам долбоорунда 30 күн деп турат.
“Ошондо кайсы бири менен илим докторлорун отпускага чыгарасыңар? Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мүмкүн эмес”, – деди Талиева.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин 225- жана 374-токтомдорго өзгөртүү киргизилерин билдирди.
Камила Талиева депутаттарды ар бир кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп турууга чакырды.
