«Караван-Инфо Кыргызстан» агенттиги эл аралык сынактын жеңүүчүсү аталды
22 январь

«Караван-Инфо Кыргызстан» агенттиги эл аралык сынактын жеңүүчүсү аталды

«Караван-Инфо Кыргызстан» маалымат агенттиги эл аралык коммуникациялык практикалар боюнча «РУПОР» сыйлыгынын алкагында «Туризмдеги маданияттар аралык байланыштар» номинациясы боюнча жеңүүчү аталды.

Сыйлыктын финалы 20–21-январь күндөрү Санкт-Петербург шаарында XV Евразиялык Ивент Форумунун (EFEA) алкагында өтүп, сыйлыктын негиздөөчүсү Геннадий Шаталовдун жаркын элесине арналды.

Сынактын шорт-листине Россиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн 80 долбоор кирсе, алардын ичинен 45 долбоор, анын ичинде Кыргызстан атынан сунушталган долбоор лауреат аталды.

Долбоорлордун ачык презентациялары 20-январда «ПетроКонгресс» маданий борборунда өтүп, 21-январда лауреаттарды сыйлоо аземи болуп өттү.

«Караван-Инфо Кыргызстан» агенттигинин жеңиши команданын жогорку кесипкөйлүгүн жана өлкөнүн туристтик потенциалын маданияттар аралык коммуникациялар аркылуу илгерилетүүдөгү системалуу, ой жүгүртүлгөн мамилесин айгинеледи.