Чүйдө өз энесин кыйноого алган шектүү кармалды
22 январь

Чүйдө өз энесин кыйноого алган шектүү кармалды

2026-жылдын 3-январында Сокулук РИИБге 1958-жылы туулган Ш.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 1978-жылы туулган Ш.А. аттуу уулуна чара көрүүнү суранган. Арыз ээси уулу мас абалында болуп, ага карата системалуу түрдө физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Бул факт мыйзам чегинде катталып, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттик корутундуга ылайык, жаран Ш.Л.ге ден соолугуна жеңил залал келтирилип, кыска мөөнөттүү ден соолуктун бузулушуна алып келген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 138-беренесинде (Кыйноо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин тартибинде шектүү катары 1978-жылы туулган, Ш.А аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш ишин ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык фактылары катуу көзөмөлдө экенин жана укуктук баа берилбей калбай турганын эскертет.