Бишкекте 2025-жылы 28,5 миң "акылдуу" эсептегич орнотулду
Бишкекте 2025-жылы 28 миң 550 "акылдуу" электр эсептегич орнотулган. Бул тууралуу түз эфирде Кыргызстандын "Улуттук электр тармактары" ААКсынын филиалы – Бишкек электр тармактары ишканасынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Темирбеков билдирди.
Анын маалыматы боюнча, орнотулган эсептегичтердин ичинен 21 миң 543ү бир фазалуу, 7 миң 7си үч фазалуу эсептегичтер.
Иш-чаралар борбор калаанын ар кайсы райондорунда этап-этабы менен жүргүзүлгөн.
Темирбековдун айтымында, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу электр энергиясын эсептөө системасын модернизациялоо жана санариптештирүү планынын алкагында жүргүзүлүүдө.
