Транспорт министри Төө-Ашууга барды
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 28-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусуна барып, жолчулардан кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Бир күндүк иш сапардын алкагында министр Сыргабаев Кусеин Көлбаев атындагы тоннелге министрликке караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» тарабынан орнотулган жол кыймылын көзөмөлдөгөн камераларды текшерип, кызматкерлердин аткарган иштери менен таанышты.
Ведомство жетекчиси тоннелдин түндүк жана түштүк тарабын жаз мезгилинде иретке келтирүү, автоунаа токтоочу жайларды куруу, жол чиймелерин жана жол белгилерин жаңылоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
