Жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган аял кармалды
9 март

Жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган аял кармалды

Лейлек районундагы Раззаков шаарынын 2003-жылы туулган тургуну С.К. 2026-жылдын январь айынын баш чендеринде 18 жашка толо элек Сүлүктү шаарынын 16 жаштагы тургуну менен таанышып, аны өзүнүн мурдагы таанышы Сүлүктү шаарынын 20 жаштагы тургуну У.Ф. менен телефон аркылуу тааныштырып, аларга көмүскө жай уюштуруп, жыныстык катнашка барууга көндүрүп ортомчулук кылган.

Жыныстык катнашка баргандан кийин У.Ф. 4000 (төрт миң) сом акча берген. Кийин пикир келишпестиктен улам С.К. У.Ф.дан шантаж жолу менен акча өндүрүүнү көздөп коркутуп баштаган.

Ал 50 000 (элүү миң) сом акча талап кылуу үчүн 18 жашка толо элек кызга опузалап акча табуунун жол-жобосун үйрөтүп, талап кылынган акчанын жарым суммасын этап-этабы менен жаш кыздын банктык картасына котортуп алган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, С.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.