Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду
22 январь

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн дипломатиялык корпусунда кадрдык чечимдерди кабыл алды.

Айбек Молдогазиев Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду. 

Айбек Молдогазиев бул кызматта бир жылдан ашуун убакыт иштеп, 2024-жылдын декабрында АКШдагы элчи болуп дайындалган.

Ошол эле учурда мамлекет башчысынын дагы бир буйругу менен Айбек Молдогазиев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кызматын аркалап келген Айбек Артыкбаев ээлеген кызматынан бошотулду.