Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-январында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1974-жылы туулган И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мурда өзүндө малчы болуп иштеген Б.М. аттуу жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 2010-жылы Б.М. жалпы 10 баш бодо малды багууга алып, 2010–2025-жылдар аралыгында аларды Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы жеке сарайда кармап келген. Кийинчерээк ал жаран жалпы саны 60тан ашуун бодо малды, анын ичинде уйларды жана жылкыларды багып жүргөн. Учурда аталган жаран малдарды кайтарып бербей, үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган.
Аталган факт каттоого алынып, КР КЖКнын 209-беренесинин (Алдамчылык) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышты жасоого шектелген 1959-жылы туулган Б.М. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.
