Эркин экономикалык аймактын кампасынан өрт чыгып, чет элдик жаран каза болду
22 январь

Эркин экономикалык аймактын кампасынан өрт чыгып, чет элдик жаран каза болду

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Эркин экономикалык аймактын" (СЭЗ Бишкек) аймагында кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 02:58де чектөөгө алынып, саат 05:58де толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Тилекке каршы өрт кырсыгынан 1 чет элдик жаран каза каза болгон.