ТИМ Ирактын аймагында кармалган кыргызстандык жарандын окуясы боюнча үн катты
Коомчулукта талкуу жараткан Ирак Республикасынын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны А.Б.Женалиеванын айланасындагы кырдаал тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүнү маалымдайт.
2025-жылдын 7-ноябрында аталган жаранга байланыштуу маалыматтар социалдык тармактарда тарай баштаган учурдан тартып, А.Б.Женалиевага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Элчилиги маселени тактоо жана жарандын укуктарын коргоо багытында ыкчам иштерди баштаган.
Элчиликтин кызматкери тарабынан маселе толук чечилгенине чейин Ирак Республикасынын тиешелүү органдары менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү жүргүзүлүп, А.Б.Женалиеванын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, телефон сүйлөшүүлөр аркылуу кеңири маалымат берилип турган.
Жыйынтыгында, А.Б.Дженалиеванын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылышы тездетилип, 2025-жылдын 26-декабрында ал Кыргыз Республикасына кайтып келген.
Министрлик Кыргызстандын жарандардын жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.
