ССМ, Курулуш министрлиги — мамлекеттик органдарга болгон ишеним индекси
2 февраль

ССМ, Курулуш министрлиги — мамлекеттик органдарга болгон ишеним индекси

КР Статистика комитетинин 2025-жылдын II жарым жылдыгына карата маалыматына ылайык, өлкө боюнча калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеним деңгээли орточо эсеп менен 46,2 баллды түздү. 

Жарандардын ишеними эң төмөн болгон мамлекеттик органдар (ишенимсиздик деңгээлинин төмөндөш тартибинде):

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги – 33,5
  • Мамлекеттик бажы кызматы – 37,3
  • Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги – 37,7
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги – 39,9
  • Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги – 40,4
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги – 40,5
  • Мамлекеттик салык кызматы – 40,9
  • Энергетика министрлиги – 41,1
  • Финансы министрлиги – 43,7
  • Ички иштер министрлиги – 44,0
  • Ошол эле учурда жарандар төмөнкү мамлекеттик органдарга көбүрөөк ишеним көрсөтүшкөн:
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – 57,5
  • Коргоо министрлиги – 54,3
  • Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги – 52,3
  • Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги – 50,8

Калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеним индексин региондор боюнча талдоо көрсөткөндөй, эң төмөн ишеним деңгээли борбор калаада катталган:

  • Бишкек шаары – 27,0 балл
  • Ош шаары – 49,8 балл
  • Чүй облусу – 37,9
  • Талас облусу – 47,4
  • Баткен облусу – 68,9
  • Жалал-Абад облусу – 61,3
  • Ысык-Көл облусу – 70,8
  • Нарын облусу – 65,1
  • Ош облусу – 53,9.