Европарламенттин депутаты Евробиримдиктин Кыргызстанга карата жүргүзгөн саясатын сынга алды
Франциянын Европа парламентиндеги депутаты Тьери Мариани Евробиримдиктин Кыргызстанга карата жүргүзгөн саясатын кескин сынга алып, өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана геосаясий абалын эске алууга чакырды.
Ал Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп Европа кеңешинен "демократиялык өнөктөш" статусун алганын эске салды.
Ал айрым көйгөйлөргө карабастан, өлкөдөгү кырдаал коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу салыштырмалуу туруктуу бойдон калып жатканын, ал эми шайлоолор ачык-айкын өткөрүлүп, аларга байкоочуларды жиберүүгө мүмкүн экенин белгиледи.
«Эгер Борбор Азиядагы беш мамлекетти салыштырып көрсөк, Кыргызстандагы абал анчейин эле жаман эмес. Өлкө мамлекеттик институттарды бекемдөө жана улуттук тарыхты калыптандыруу жолунда өз ыргагы менен алдыга жылып жатат», — деди француз саясатчысы.
Мариани ошондой эле президент Садыр Жапаровду эл колдоп жатканын белгилеп, анын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аракеттерине токтолду. Депутат ашыкча сын-пикирлер жана стигматизация тескери натыйжа берип, өлкөнү андан алыстатууга аракет кылып жаткан тараптардын «кучагына түртүп коюшу» мүмкүн экенин эскертти.
«Азыр биз Кыргызстанга кол сунушубуз керек. Сиздер өз миссияңызды аткардыңыздар, эми конкреттүү маселелер боюнча кызматташууну улантуу гана калды», — деп кошумчалады Мариани.
