Токтогул шаарында бир катар соцобъекттер курулууда. Облус башчысы иштин жүрүшүнөн кабар алды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 2-февралда Токтогул шаарына иш сапары менен барып, бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш сапардын алкагында Токтогул жалпы дарыгердик практикалык борборунун аймагында салынып жаткан 100 орундуу кошумча оорукананын жана реабилитациялык борбордун курулушун көрүп чыкты.
Ошондой эле Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жаңы ачылган спорт комплекси менен таанышып, Таласбай кичи районунда курулуп жаткан 750 орундуу мектептин жана 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштерин жеринен көрдү.
Иш сапардын жыйынтыгында облус башчысы бардык курулуш объектилерин белгиленген мөөнөттө, жогорку сапатта бүтүрүү зарыл экенин өзгөчө белгиледи. Ал текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди кечиктирбей жоюу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Таласбай кичи районундагы 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштерин создуктуруп жаткан компаниянын ишине нааразычылыгын билдирип, жумушту жандандыруу зарылдыгын эскертти.
