Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу боюнча иштер күчөтүлүүдө
1 апрель

Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу боюнча иштер күчөтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев эне жана баланын ден соолугун коргоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйынды ачып жатып, ал энелердин өлүмүн азайтуу саламаттык сактоо системасынын гана эмес, аялдардын өздөрүнүн да аракеттерин бириктирүүнү талап кыларын белгиледи.

«Ар бир кош бойлуу аял өз убагында каттоого туруп, болочок баланын ден соолугу үчүн жоопкерчиликти алышы маанилүү. Саламаттык сактоо системасы тарабынан биз көзөмөлдү, коштоону жана зарыл болгон медициналык жардамды камсыз кылууга милдеттүүбүз», – деп белгиледи министрдин орун басары.

Кеңешменин жүрүшүндө эне жана баланын ден соолугу жаатындагы учурдагы көрсөткүчтөр жана бул багытта бардык деңгээлдерде күчөтүүнү талап кылган негизги көйгөйлөр каралды.

Кош бойлуулар реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле тобокелдик факторлору жана кошумча оорулары бар аялдардын саны жогору бойдон калып жаткан аймактардагы абалга өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу татаалдашууларды эрте аныктоо, баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлин күчөтүү жана бейтаптарды өз убагында ооруканага жаткыруу зарылдыгы баса белгиленди.

Ошондой эле мындан аркы иштердин артыкчылыктуу багыттары катары медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана кош бойлуу аялдарды багыттоо системасын өркүндөтүү белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча эне жана баланын ден соолугу үчүн медициналык уюмдардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.