Марлен Маматалиев менен Лю Цзянпин кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты
Жогорку Кеңеш
9 март

Марлен Маматалиев менен Лю Цзянпин кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды. Бул тууралуу КР ЖКдан кабарлашты. 

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу боюнча да ой бөлүштү. 

Эзелтен коңшу жашаган эки элдин кызматташтыгын өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеген төрага:

«Ал эми биз парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү менен мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүүгө даярбыз», – деди. 

Ошондой эле акыркы жылдары кыргыз-кытай байланышы жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар байма-бай уюштурулуп жатканын эске салган Төрага буга эки өлкөнүн башчылары өткөн жылы үч жолу жолукканын мисал кылды.  

«Алардын натыйжасында узак жылдардан бери ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Ошондой эле биргелешкен бир катар инвестициялык долбоорлор боюнча макулдашууларга жетишилди», – деген төрага мындай калыптанган кызматташтык жигердүү уланышы керектигин кошумчалады. 

Тагыраагы, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү да башкы максат экенин айткан Марлен Маматалиев:

«Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча кызматташып, энергетика, инфраструктура, өндүрүш өңдүү багыттарда тыгыз иш алып барып жатабыз. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Ортодогу потенциалды толук пайдаланып, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз», – деди. 

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Лю Цзянпин да Кытай Эл Республикасы, анын ичинен өлкө жетекчилери Кыргызстан менен кызматташыкка өзгөчө маани берерин айтып, эки мамлекеттин алакасынын алтын доору башталганын баса белгиледи. 

Андан тышкары, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзинин жолдогон саламын жеткирип, Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен да куттуктай кетти. 

«Сиз төрага болуп шайлангандан кийин көптөгөн реформаларды баштап, айрыкча санариптештирүү саясатына артыкчылык берип жатканыңызды билебиз. Ал эми мен Кыргызстан менен мурдатан иш алып барган элчи катары калыптанган достук алакаларды үзгүлтүксүз улантып, сиз жетектеген Жогорку Кеңеш менен тыгыз иш алып барууга даярмын. Мамлекеттерибиз ортосунда көптөгөн макулдашуулар жана келишимдер бар. Алардын бардыгын биргелешип ишке ашыруубуз кажет», – деди.

Мындан тышкары тараптар соода байланышын өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча да пикир алмашты.