Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан автоунаа уурдоого шектүү кармалды
1 апрель

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан автоунаа уурдоого шектүү кармалды

2026-жылдын 29-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине жаран Б.А. арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат болжол менен 03:25 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан ресто-барлардын биринин алдында белгисиз жаран анын ак түстөгү «Toyota Prius» үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алып, белгисиз багытка айдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаран шектүү катары кармалып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө мурда уурдалган автоунаа Чуй облусунун аймагында экени аныкталып, транспорт каражаты табылып, кылмыш ишине далил зат катары тиркелди.

Тергөө иштери улантылууда.