Бишкек мэри эл менен жолугушат. Качан?
6 май

Бишкек мэри эл менен жолугушат. Качан?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 11-майдан тарта жашоочулар менен жолугушууларды өткөрөт.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эл менен жолугуп, алардын көйгөйүн жеринде чечүүнү тапшырган.

Бул ишти аткарбагандар жоопкерчиликке тартыларын айтып, жолугушууларга элди да активдүү катышууга чакырган.

Бишкек мэри 11-майдан тарта күн сайын 16:00дө төмөнкү жерлерде эл менен жолугушат:

11-май — КРСУ имаратында (Киев көчөсү, 44);

12-май — Ч.Айтматов атындагы лицейде (Широкая көчөсү, 1а);

13-май — Кыргыз экономикалык университети (КЭУ. Тоголок Молдо көчөсү, 58);

14-май — "Сейтек" балдар борборунда (Абдумомунов көчөсү, 197);

15-май — Бишкек гуманитардык университети (Ч.Айтматов проспекти, 24);

16-май — Кыргыз улуттук университети (КУУ. Фрунзе көчөсү, 547);

18-май — "Таберик" залы (Байтик баатыр көчөсү, 17);

19-май — "Ала-Тоо" университети (Анкара көчөсү, 1/8).