Каныбек Туманбаев Ош шаарындагы калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы калкты тейлөө борборуна барды.
Иш башкармалыктан кабарлашкандай, ал борбордун учурда жүргүзүп жаткан иштери менен таанышты.
Туманбаев учурда өлкө боюнча санариптештирүү боюнча кызуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, жарандарды убара кылбастан, мамлекеттик кызматтарды ыкчам жана жеткиликтүү көрсөтүү негизги максат экенин айтты.
Ал ошондой эле Кызмат мамлекеттик мекемеси тарабынан электрондук кызматтарды кеңейтүү, кезек күтүүнү азайтуу жана документтерди онлайн форматта алуу мүмкүнчүлүктөрү этап-этабы менен киргизилип жатканын белгиледи.
Анын айтымында, санарип чечимдер жарандардын убактысын үнөмдөп гана тим болбостон, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын да жогорулатат.
