Араван районунда алты айылдын жашоочулары каттаган жолго асфальт төшөлөт
www
1 апрель

Араван районунда алты айылдын жашоочулары каттаган жолго асфальт төшөлөт

Араван районундагы Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө – Коргон авто жолунун 8,5 чакырым аралыгына асфальт төшөөгө даярдык көрүлүп, учурда аталган тилкеде жер иштери аткарылууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө 2 чакырым жол тилкеси асфальт төшөөгө даяр абалга келтирилди. Жакынкы күндөрү асфальт басуу жумуштарын баштоо каралууда.

Бул жол аркылуу Араван районунун борборуна алты айылдын тургундары каттап келет.

Жолдун оңдолушу жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, транспорт кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө болот.