«Торугарт» өткөрмө пунктуна жүк ташуучу унаалар үчүн алты кыймыл тилкеси ишке кирди
Мамлекеттик бажы кызматы
18 август

«Торугарт» өткөрмө пунктуна жүк ташуучу унаалар үчүн алты кыймыл тилкеси ишке кирди

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев 15-августта «Торугарт» өткөрмө пунктуна барып, бажылык контролду уюштуруу, жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрмө пунктунун инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү маселелерин карап чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө контролдук жол-жоболордун натыйжалуулугуна жана бажылык контролдун заманбап инструменттерин колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Импорт багытында жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн алты кыймыл тилкесинин ийгиликтүү ишке киргизилгени белгиленди. Бул өткөрүү пунктундагы процесстерди оптималдаштыруу жана анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ишке ашырылган.

Ошондой эле электрондук кезек системасынын алкагында транспорт каражаттары үчүн күтүү зонасы иштеп жатат.

Инспекциялык-текшерүү комплексин (ИТК) пайдалануу маселелери өзүнчө каралды. Анын жыйынтыгында кызматкерлерди зарыл даярдыктан өткөрүүнү камсыз кылуу, радиациялык коопсуздук талаптарын сактоо жана ИТКнын маалымат базасын МБКнын маалыматтык системасы менен интеграциялоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, инфраструктуралык иштерди аяктоону тездетүү, өткөрмө пунктунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.

Коюлган милдеттерди жана аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча иштер улантылат.