Караколдо 1,2 млн сом өлчөмүндө алимент өндүрүлдү
Башкы прокуратурага караштуу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы сот аткаруучулар кызматы жаран Д.С.Одон өндүрүп алуучу Н.С.Пнын пайдасына жашы жете элек балдарды багуу үчүн ири өлчөмдөгү алимент карызын өндүрдү.
Аткаруу документине ылайык, карызкордун бардык кирешесинин 1/3 бөлүгү өлчөмүндө алимент өндүрүлүүгө тийиш болгон.
Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө сот аткаруучу тарабынан мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, натыйжада өндүрүп алуучунун пайдасына 1 миллион 267 миң 241 сом өлчөмүндөгү алимент карызы өндүрүлдү.
Мекемеден билдиришкендей, сот аткаруучулар кызматы сот актыларын өз убагында аткарууну камсыз кылуу жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо боюнча иштерин улантууда.
