Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын 14%ында бою өспөй калуу байкалат
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын 14%ында бою өспөй калуу байкалат

Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын 14%ында бою өспөй калуу, 3%ында арыктоо (организмдин өтө жүдөшү), дагы 9%ында ашыкча салмак көйгөйү бар. Бул тууралуу балдарды жасалма тамактандыруу үчүн колдонулуучу азыктардын жарнамасын жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында айтылат.

Бою өспөй калуу көрсөткүчү 18–23 айлык балдар арасында өзгөчө жогору болуп, 20%ды түзөт. Башкача айтканда, бул курактагы ар бир бешинчи баланын бою өспөй калуу көйгөйү бар.

Салыштыруу үчүн буга чейин беш жашка чейинки балдардын арасында бою өспөй калуу 12,9%, арыктоо 2,8%, ашыкча салмак 7% деп бааланган.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар балдардын тамактануусуна байланыштуу көйгөйлөр көбөйүү тенденциясына ээ экенин белгилешет.

Документте эмчек эмизүү боюнча маалыматтар да келтирилген. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 73%ы төрөлгөндөн кийинки биринчи сааттын ичинде эмчекке коюлат.

Ал эми балдардын 44%ы алты айга чейин жалаң гана эне сүтү менен тамактанат. 2030-жылга карата бул көрсөткүчтү кеминде 70%га жеткирүү максаты коюлган.

Ошол эле учурда, 2024-жылдагы КОМП изилдөөсүнүн маалыматына ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ар бир бешинчиси (21%) төрөлгөндөн кийинки алгачкы эки күндүн ичинде эле сүт аралашмасын алат.

Маалымкатта ошондой эле 2025-жылы Кыргызстанда балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү тирүү төрөлгөн 1 миң балага 14,1ди, ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 13,5ти түзгөнү белгиленген.