Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 362 айдоочу кармалды
28 январь

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 362 айдоочу кармалды

Кыргызстанда 20сынан 26-январга чейинки аралыкта 22 миң 814 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 614;
  • мас абалында унаа каражатын башкаруу – 362;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 96;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 196;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 418;
  • автоээнбаштык – 19;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 366;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 105;

Ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2 631  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.