Бишкекте башка бирөөнүн унаасын сатууга шектелген жаран кармалда
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, У.К. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, Бишкек шаарынын 6-кичи районунда ишенимге кирип, алдоо жолу менен биргелешкен бизнес жүргүзүү жана кирешени көбөйтүү шылтоосу менен Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алып, кийин аталган транспорт каражатын үчүнчү жактарга сатып жиберип, алынган акча каражаттарын өз каалоосу боюнча пайдаланган. Натыйжада арыз ээсине 15 миң 500 АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1994-жылы туулган У.К., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
