КР МСК
9 март
Салык кызматкерлери 7,6 тонна курманы мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөгө кургатылган жемиштердин ири партиясынын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту.
Рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынан келген жүк ташуучу унаалардын бирин текшерүү учурунда эсепке алынбаган товарлар — жалпы салмагы 7 миң 600 кг болгон курма жемиши аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүштү. Чогултулган материалдардын негизинде камералдык салыктык текшерүүлөр жүргүзүлөт.
