Бишкекте Сүйөркулов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды
Бишкек мэриясы
24 апрель

Бишкекте Сүйөркулов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

Бишкектеги Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150  метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды.

Мэриядан кабарлашкандай, жабылуу 2026-жылдын 25-апрелинде саат 18:00дөн 2026-жылдын 26-апрелинде саат 9:00гө чейин пландаштырылууда.

Бул жерде диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн алмаштыруу үчүн курулуш жана орнотуу иштери жүргүзүлөт.