Таш-Көмүр – Кара-Көл трассасында күйүүчү май ташуучу унаа кырсыкка учурап, өрт чыкты
Таш-Көмүр – Кара-Көл трассасында күйүүчү май ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Окуя 25-февралда кечинде болгон.
Кырсыктын келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.
Жол кырсыгы катталгандан кийин күйүүчү май төгүлүп, өрт чыккан.
Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу кырсык катталган учурда унаанын ичинде болушу мүмкүн. Азырынча тиешелүү кызматтар тарабынан окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.
