Автобус катышкан жол кырсыгы: “Бишкек шаардык транспорту” ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Октябрь райондук прокуратурасы 9 жаштагы баланын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду.
Кырсык 2026-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарындагы Молодая Гвардия бульварында жүргүнчү ташыган автобустун катышуусунда болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызмат адамдары кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы аныкталган. Тактап айтканда, коомдук транспортту башкарууга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган адамга уруксат берилген.
Мындан тышкары, автобустарды каттамга чыгаруунун алдында жүргүзүлүүгө тийиш болгон техникалык көзөмөл формалдуу жүргүзүлүп, алардын техникалык абалы толук текшерилген эмес.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө органдары окуянын бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдардын жоопкерчилик деңгээлин аныктоодо.
