президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
1 апрель
Баткен шаарында Калкты тейлөө борборунун имараты өрттөндү
Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Кырсык бүгүн, 1-апрелде катталган.
Маалыматта айтылгандай, жалын кыска убакыттын ичинде өчүрүлгөн, жарандар жабыркаган эмес.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.
Окуя болгон жерге облус башысы Мамыржан Рахимов барып, абалды жеринен көрдү.
Облус башчысы калкты тейлөө кызматтарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында мобилдик кабылдамаларды уюштурууну тапшырды.
Ошондой эле Баткен шаарынын мэрине кыска мөөнөттө ылайыктуу имарат табуу жана борборду убактылуу ошол жайга жайгаштыруу боюнча тапшырма берди.
Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кырдаал көзөмөлдө.
