Лейлек районунда 23 чакырым жолго асфальт төшөлс, 28 км жаңы жол курулат
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
10 сентябрь

Лейлек районунда 23 чакырым жолго асфальт төшөлс, 28 км жаңы жол курулат

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда  23 чакырым жолго асфальт төшөлөт, ошондой эле 28 км жаңы жол курулат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев район аймагында жүргүзүлүп жаткан жол курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Тактап айтканда, Раззаков – Андарак – Көк-Таш унаа жолунун 5 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Аталган жол тилкесинин сметалык баасы 36 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Коргон – Катраң – Баул унаа жолунун 5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү. Бул жолдун сметалык баасы да 36 млн сомду түзөт.

Раззаков – Гордой – Кекире унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Учурда 3 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүтүп, калган 2 чакырымында иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун сметалык баасы 36 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары, Булак-Башы – Кайрагач унаа жолунда жер иштери жүрүп жатат. Долбоордун сметалык баасы 21 млн сомду түзөт.

Кайрагач – Кулунду – Арка жолунун 20 чакырым бөлүгүндө, ошондой эле Жаштык – Арка жолунун 8 чакырым аралыгында жолдун негизин даярдоо жана жер иштери жүргүзүлүүдө.

Быйылкы жылы Лейлек районунда жалпы 23 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Учурда анын 13 чакырымына асфальт төшөлдү. Мындан сырткары 28 чакырым жаңы жол куруу пландалып, жер жумуштары жүрүүдө.

Жол курулуштарынын жүрүшү менен таанышкан Бактыбек Токсонбаев тиешелүү жетекчилерге жана подряддык уюмдарга курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү, колдонулган материалдардын талапка жооп беришин камсыздоо жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, аталган жол курулуштары президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун сунушунун негизинде республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.