Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн Интерпол бюролорунун жетекчилеринин Минсктеги жолугушуусуна катышты
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн Интерпол бюролорунун жетекчилеринин Минсктеги жолугушуусуна катышты

Кыргызстан 9-сентябрда Минск шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Интерпол боюнча улуттук борбордук бюролорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусуна катышты.

Иш-чарага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Интерпол боюнча улуттук борбордук бюролорунун жетекчилери жана ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Байкоочу катары Интерполдун Башкы катчылыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кытайдын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Эл аралык кылмыш полициясы уюму – Интерполдун каналдары аркылуу маалымат алмашуунун абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле өлкөлөрдүн Интерполдун Уставын жана маалыматтарды иштеп чыгуу эрежелерин өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларга катышуусу боюнча маселелер каралды.

Өзгөчө көңүл Интерполдун бейтараптык принцибин камсыз кылууга жана укук коргоо органдарынын компетенциясына кирбеген факторлордун таасирин болтурбоого бурулду.

Катышуучуларга Беларусь Республикасынын ички иштер министринин орун басары – кылмыш иликтөө милициясынын башчысы Геннадий Казакевич куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка кооптуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун атынан БКБОП директорунун орун басары Дмитрий Медведев катышты.