«Түндүк» тутуму бир жылда 2,4 млрд транзакцияны иштеткен
25 февраль

«Түндүк» тутуму бир жылда 2,4 млрд транзакцияны иштеткен

2025-жылы «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму 2,4 миллиард транзакцияны иштеткен. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясында маалымдалды.

Учурда система аркылуу 191 кызмат жана сервис жеткиликтүү. Алардын 141и толук автоматташтырылган. Бул жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн кыйла жеңилдетти.

2025-жылдын негизги окуяларынын бири өлкөдө санариптик чөйрөнү жөнгө салган алгачкы комплекстүү документ — Санариптик кодекстин кабыл алынышы болду. Документте жасалма интеллектти колдонуу эрежелери, тобокелдиктерди баалоо ыкмалары жана координациялоочу органдын иши белгиленген. Ошондой эле санариптик идентификация, чоң маалыматтарды (big data) пайдалануу, жарандардын укуктарын коргоо жана регулятивдик «песочницаларды» ишке киргизүү маселелери жөнгө салынат.

Мындан тышкары, өлкөдө бир катар жаңы санариптик сервистер ишке киргизилди:

  • ОСАГОнун электрондук полиси;
  • «Түндүк» тиркемесиндеги электрондук эмгек китепчеси;
  • 083/у формасындагы санариптик маалымкат;
  • насыя алууга өз ыктыяры менен тыюу салуу механизми.

«СЭД Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү тутумунда 33,7 миллион документ катталган. Колдонуучулардын саны 162 миң адамга жетти.