Бишкекте 2026-жылы 278 жаңы темир-бетон мамы орнотулат
9 март

Бишкекте 2026-жылы 278 жаңы темир-бетон мамы орнотулат

2026-жылы Бишкек шаарында электр тармактарын жаңылоо иштери улантылат.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында 278 эски жыгач мамыны жаңы темир-бетон мамыларга алмаштыруу пландалууда.

Алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960–1970-жылдары орнотулган жана учурда алардын пайдалануу мөөнөтү бир топ убакыт мурда өтүп кеткен. Көпчүлүгү авариялык абалда турат. Жаңы темир-бетон мамыларды орнотуу электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого мүмкүндүк берет.

2026-жылы темир-бетон мамыларды орнотуу иштери төмөнкү РЭТтерде жүргүзүлөт:

• Чыгыш РЭТ — 50 даана

• Батыш РЭТ — 103 даана

• Түндүк РЭТ — 125 даана

Жаңы мамыларды орнотуу иштерин 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы ишкана тарабынан 671ден ашык темир-бетон мамы орнотулуп, бир катар аймактарда электр тармактарынын эскирген инфраструктурасы жаңыланган.

Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Шаардын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо иштери мындан ары да улантылат.