2025-жылы Баткен облусунда 40,5 чакырым жаңы жол курулду
2 февраль

2025-жылы Баткен облусунда 40,5 чакырым жаңы жол курулду

Баткен облусунун аймагында 2025-жылга жалпы 61 жол объектисинде курулуш, оңдоо иштерин аткаруу пландалган.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тактап айтканда, 92 чакырым шагыл жолдорду куруу жана оңдоо, 118 чакырым жолго асфальт төшөө каралган.

Анын ичнде жылдан жылга өтүп каржылануучу объекттер да бар. Бул объектердин жалпы сметалык баасы 4,8 млрд. сом

Иш жүзүндө, жыл ичинде  40,5 чакырым шагыл жол куруу жана оңдоо, 83,313 чакырым жолду асфальттоо иштери  аткарылды. Жалпы каржылоо 1 299,8 млн. сомду түздү. Калган жолдор 2026-жылдын планына аткарууга өттү.

2025-жылы курулган жолдор, Баткен району

Жолду асфальтоо 
- Айгул-Таш-Согмент жолунда 4,8 км асфальт төшөлдү.
- Баткен шаары, Курманжан Датка  көчөсү 1,1 км асфальт төшөлдү.
- Чон-Талаа  жолунда 4,1 км асфальт төшөлдү.
- Баткен-Кара-Бак жолунда 0,3 км жолго төшөлдү.                                                 
- Баткен-Бужум-Кызыл-Жол жолунда 2,45 км асфальт төшөлдү.
- Кара-Токой  жолунда 1,8 км асфальт төшөлдү.
- Баткен-Кара-Токой жолунда 2,650 км  асфальт  төшөлдү.
- Жаңы Достук айылынын ички көчөлөрү 9,0 км асфальт төшөлдү.
Жыйынтыгы- 26,2 км
Шагыл жол куруу, оңдоо
- Сары-Талаа-Кызыл-Таш 11 км шагыл жол кеңейтилди, 
- Кызыл-Таш-Зардалы 7 км жол жана узундугу 30 метр темир көпүрө курулду,
- Тамдык-Кишемиш 13,5 км шагыл жол курулду
- Самаркандек-Даркум 4 км шагыл жол оңдолду
Жыйынтыгы - 35,5 км
Кадамжай району

Жолду асфальтоо 
- Кыргыз-Кыштак автожолунда 1,0 км асфальт төшөлдү.
- Жийделик-Ак-Кыя жолунда 6,1 к. асфальт төшөлдү.
- Какыр айылынын көчөсү 3,6 км асфальт төшөлдү..
- Орозбеков айыл Ɵкмөтүндө Жийде-Булак көчөсү 0,6км, Жанибеков көчөсү 0,753 км, Учкун, Кара-Суу көчөлөрүнө 2,95 км, Салибаев көчөсүнө 1,34 км, асфальт төшөлдү. 
- Кара-Шоро-Кара-Казык жолунда 2,65 км асфальт  төшөлдү
- Жениш айылынын Д. Бабаназаров көчөсүнө  2,42 км асфальт төшөлдү.
- Алга айылынын көчөлөрүнө 2,5 км асфальт төшөлдү.
- Ош-Раззаков автожоллунун 89 кмдан  Кызыл-Кыя өткөрмө пунктуна чейин 2,3 км асфальт төшөлдү.
- Нефтепром-Шивран автожолуна  1,9 км. асфальт  төшөлдү.
- Халмион-Таш-Добо жолунда 3 км асфальт төшөлдү.
- Жал-Моло-Тескей жолуна 3 км асфальт төшөлдү.
- Сур-Ормош-Сырт жолунда 4  км асфальт төшөлдү.

Жыйынтыгы - 38,113 км
Шагыл жол куруу, оңдоо
- Кара-Шоро-Кара-Казык жолунда 5 км шагыл жол оңдолду.
Лейлек району
Жолду асфальтоо 
- Ош-Раззаков 363-369 км ( Раззаков ш.)  6 км асфальт төшөлдү.
- Кайрагач-Кулунду-Арка жолунда 3,435 км асфальт төшөлдү.
- Коргон-Катран-Баул  жолунда 3.249 км асфальт төшөлдү.
- Катран-Ɵзгөрүш жолунда 3,142 км асфальт төшөлдү.
-Раззаков айылынын ички көчөлөрүнө 1,832 км асфальт төшөлдү.
- Раззаков шарынын Кара-Таш участогуна 1,342 км асфальт төшөлдү.
Жыйынтыгы  19 км