Муниципалдык кызматтагы саясий кызмат орундарынын 3%ын гана аялдар ээлейт
Кыргызстанда муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын 46 пайызын аялдар түзөт. Бирок муниципалдык кызматтагы саясий кызмат орундарында аялдардын үлүшү болгону 3 пайызды түзөт.
Мындай маалыматтар Мамлекеттик жарандык кызматты, муниципалдык кызматты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2026–2030-жылдарга карата программасынын долбоорунда келтирилген. Документти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги иштеп чыккан.
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жалпысынан 22,8 миңге жакын кызматкер иштейт. Алардын 17 755и мамлекеттик, 5 036сы муниципалдык кызматкерлер.
Мамлекеттик кызматкерлердин арасында аялдардын үлүшү 38 пайызды, ал эми муниципалдык кызматта 46 пайызды түзөт.
Административдик кызмат орундарында бул көрсөткүч кыйла жогору. Мамлекеттик кызматтагы административдик кызмат орундарынын 39 пайызын, муниципалдык кызматтагы орундардын 49 пайызын аялдар ээлейт.
Ошол эле учурда мамлекеттик кызматтагы саясий кызмат орундарында аялдардын үлүшү 28 пайызды түзсө, муниципалдык кызматтагы саясий кызмат орундарында болгону 3 пайызды түзөт.
Программаны иштеп чыгуучулар бул көрсөткүчтөр аялдардын карьералык өсүшү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга аялдардын катышуусун кеңейтүү зарылдыгын көрсөтөрүн белгилешет.
Ошол эле учурда документте мындай тең салмаксыздыктын конкреттүү себептерин аныктоо үчүн аялдардын карьералык траекторияларын жана кызматтык өсүү механизмдерин кошумча изилдөө зарыл экени айтылат.
