Жээнбек Кулубаев ЕРӨБдүн вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушту
2026-жылдын 25-февралында Лондон шаарында (Улуу Британия) Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М. Тургунбаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ү. Аманбаев жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары М.К. Туманов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө инфраструктураны модернизациялоо, экономиканын туруктуулугун жогорулатуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маселелери каралды.
Өзгөчө көңүл суудан камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселелерине бурулду.
Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын Вице-президенти Маттео Патроне Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнүн позитивдүү динамикасын белгилеп, ЕБРР белгиленген долбоорлорду ишке ашырууда өнөктөштүктү чыңдоого жана катышууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктап, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын ортосундагы долбоорлордун ийгиликтүү алга жыларына ишеним билдиришти.
