Депутат Исманали Жороев Баткен облусунда социалдык объектилерди куруу маселесин көтөрдү
1 апрель

Депутат Исманали Жороев Баткен облусунда социалдык объектилерди куруу маселесин көтөрдү

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев Баткен облусунда социалдык объектилерди куруу маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү аталган облуста социалдык объектилерди куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баасын берип, айрым көйгөйлөргө токтолду. Тагыраагы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы оорукана жана башка медициналык мекемелер өтө начар абалда экенин айтып, тез арада жаңы заманбап саламаттыкты сактоо объектилерин куруу керектигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Суу айылына да бала бакча жана мектеп салуу зарылдыгын белгилеп, Беш-Бала айылындагы мектеп азыркыга чейин меш менен жылытылып келе жатканын, ал эми Баткен районунун Жаңы-Бак айылында жайгашкан К.Тагаев атындагы мектеп авариялык абалга кептелгенин кошумчалады.

Эл өкүлү мындан тышкары Самаркандек айылындагы ички жолдорду оңдоо, Кара-Бак айылында калкты сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважина жана БСР куруу зарылдыгына токтолду. Муну менен катар бир катар айылдарда көпүрөлөрдү оңдоп, селден коргоо чараларын көрүү керектигин белгиледи.

Депутат Исманали Жороев аталган объектилерди куруу жана оңдоо иштерин республикалык бюджеттин, анын ичинде гранттык каражаттардын эсебинен карап чыгууну өтүндү.