Талас шаарында жаңы сейил бак курулат: даярдык иштери 80% аткарылды
Курулуш министрлиги
24 апрель

Талас шаарында жаңы сейил бак курулат: даярдык иштери 80% аткарылды

Президенттин тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Талас шаарында борбордук сейил багы курулууда.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 21,6 миллион сомду түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Башкы планга ылайык, сейил бактын аянты 1,5 гектарды түзүп, анда 8 аттракцион, оргума, эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү иштери каралган.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 80 пайызга аткарылып, учурда тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.