Талас шаарындагы эски жолдор капиталдык оңдоодон өтөт
Талас шаарындагы эски жолдор капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Талас мэриясынан кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, Талас шаарынын Өзүбек Шамбетов көчөсүндөгү жолдун үстүңкү катмары сыйрылып, жаңы асфальт төшөөгө даярдалууда.
Жол оңдоо долбоору боюнча Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков аталган көчөнүн тургундары менен жеринде жолугуп, иштин тартиби боюнча түшүндүрүп, кенен маалымат берди.
Жолугушууда жолду талаптагыдай салуу үчүн “кызыл сызык” чегинен чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар, тосмолор жана бак-дарактар алынаары эскертилди .
Мындан тышкары шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырма берип, жолду сапаттуу кылып оңдоону, суу, канализация, электр энергиясы , интернет түйүндөрүн тартипке келтирүүнү жана иштерди мөөнөтүнөн кечиктирбей бүтүрүүнү эскертти.
