Жети-Өгүз РЭТи модернизациялоо программасын активдүү ишке ашырууда
1 август

Жети-Өгүз РЭТи модернизациялоо программасын активдүү ишке ашырууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Жети-Өгүз РЭТи 2025-жылдын алты айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Жыл башынан бери калкты туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында бир катар иштер аткарылды:

  • 161 даана трансформатор жана 230 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү;
  • 22 трансформатор менен 18 чакырым электр зымдары капиталдык оңдоого алынган;
  • Коопсуз жана туруктуу электр энергиясын камсыз кылуу максатында 1,9 чакырым алюминий зымдар заманбап СИП зымдарга алмаштырылган;
  • Эскилиги жеткен 60 жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
  • Аба чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 80 чакырым трасса боюнча бутактарды кыю жана бактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү;
  • Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери кызуу жүрүүдө: 18 000 даананын ичинен 6811 орнотулуп, толук бүтүрүү ноябрга чейин пландалууда.

Бул иштердин баары электр тармагын жаңылоого, жоготууларды азайтууга жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган. Жети-Өгүз РЭСи 2025-жылдын аягына чейин модернизациялоо иштерин планга ылайык улантат.

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз РЭТи 23497 абонентке кызмат көрсөтүп, жалпы 1407,5 чакырым электр зымдарын жана 622 трансформатордук көмөк чордондорду тейлейт.