Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол авто жолунда каттам камсыздалды
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол авто жолунун 97 чакырымындагы сел алып кеткен убактылуу жол калыбына келтирилип каттам берилди. Аталган тилкеге тез арада жолчулар тарабынан атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзү.
Эске сала кетсек, бүгүн, 31-июль күнү Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол авто жолунун 97- 123 чакырымдар аралыгында нɵшɵрлɵп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жол жабылган. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол авто жолунун реконструкциясы долбоорунун алкагында курулуп жаткан кɵпүрɵнү айланып ɵтүүчү убактылуу жолду жууп кеткен.
