«Камышановка – Ак-Суу» өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маселеси каралууда
4 март

«Камышановка – Ак-Суу» өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маселеси каралууда

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев казакстандык кесиптеши Марат Карабаев менен онлайн кеңешме өткөрдү. 

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрмө бекеттердеги көпүрөлөрдү реконструкциялоо талкууланды.

Мындан тышкары, «Камышановка – Ак-Суу» өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маселеси каралып жатканы кошумчаланды.

Биргелешкен жыйында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Кыргызстан менен Казакстандын транспорттук инфраструктура жаатындагы кызматташтыгын чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошот деп белгиленди.

Онлайн кеңешмеге министрлердин орун басарлары, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы