Милиции кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
21 июнь

Милиции кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда А.М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, шектүү бизнес ачып берем деген шылтоо менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу аркылуу 1 836 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, андан соң изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган А.М. аттуу шектүү кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтому менен айыпталуучуга карата 2026-жылдын 3-июлуна чейин №1 тергөө абагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда шектүүнүн дагы бир ушундай кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.